Пезешкиан АКШны меморандумдун шарттарын сактоого чакырды
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШны 18-июнда кол коюлган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун шарттарын сактоого чакырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Пезешкиан: "Кол коюлган меморандум парламент мүчөлөрүнүн жамааттык акыл-эси менен кабыл алынган жана алардын толук колдоосуна ээ. Бул документ келечекте биздин тышкы байланыштарыбыздын негизги өзөгүнө айланат деп ишенем",- деген пикирин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Анын айтымында, меморандумдун аткарылышы Ирандын, аймактын жана өлкөнүн өнөктөштөрүнүн коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.
Вашингтон менен Тегеран меморандумга кол койгондон кийин тараптар келечектеги тынчтык келишиминин чоо-жайын талкуулоо үчүн 60 күндүк сүйлөшүүлөрдү башташкан. Бирок июлдун башында эки тарап кайрадан бири-бирине сокку уруп, андан соң Иран меморандумду мындан ары сактабай турганын билдирген. Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресске Иранга каршы аскердик аракеттер кайра жанданганын маалымдаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















