super.kg logo

Жаңы тренд: Туристтер эс алууга салкын өлкөлөрдү тандап жатышат

 

Туристтер аптаптуу пляждарда эс алуудан баш тартып, салкын аймактарды көбүрөөк тандай башташты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта чет элдик басылмаларга "Эс алуу борбору жана туризм" компаниясынын жетекчиси Люсинэ Кодякова билдирди.

Анын айтымында, бул жаңы багыт coolcation (салкын эс алуу) деп аталып, климаттын өзгөрүшү жана популярдуу курорттордогу абанын температурасынын жогорулашынан улам пайда болгон.

Эксперт белгилегендей, туристтердин кызыгуусу өзгөчө Скандинавия өлкөлөрүнө жана Балтика мамлекеттерине өсүүдө. Алардын катарына Исландия, Норвегия, Финляндия, Швеция, Эстония жана Литва кирет.

Мындан тышкары, тоолуу курортторго болгон суроо-талап да артып, эс алуучулар ысык пляждардын ордуна "альп жайын" тандай башташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: