Кандуу окуядан кийин Таиланд коопсуздукту күчөтөрүн билдирди
Таиланддын бийлиги 2 орусиялык туристтин өлтүрүлүшүнөн кийин чет элдик эс алуучулардын коопсуздугун күчөтөрүн билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сихасак Пхуангкеткеу маалымдаганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Мындай кылмыш болгондо туристтердин ишеними солгундайт. Биз коопсуздукту күчөтүүгө жана мындай окуялардын кайра кайталанышына жол бербөөгө даяр экенибизди конкреттүү аракеттер менен көрсөтүшүбүз керек",- деген министр.
Мындан тышкары, ал Паттайадагы кылмыш болгон жерге барып, бардык туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.
Эске салсак, 22 жаштагы орусиялык кыз менен анын жашы жете элек иниси 26-июлда дайынсыз жоголгон. Кийин алардын сөөгү табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:00
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















