Венесуэлада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 миңден ашты
Венесуэлада 24-июнда болгон эки күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6125 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, урандылардын алдынан 6462 адам куткарылган, ал эми медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылгандардын саны 60 миңден ашкан.
Эске салсак, 24-июнда эки жер титирөө болжол менен 40 секунд аралык менен катталган. Алардын күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен. Натыйжада 190 имарат толугу менен кыйрап, дагы 856 имарат жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















