"Бишкек арена" стадионунда ШКУнун саммити өтөбү?
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар" агенттигине курган маегинде Шанхай кызматташтык уюму менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.
Ал 31-август жана 1-сентябрда боло турган ШКУ жыйындары Бишкекте курулуп жаткан "Бишкек арена" стадионунда жана "Конгресс Холлдо" боло турганын айтты. Ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын ачылышы да "Бишкек аренада" өтөт. Өкмөт башчы учурда эки имараттын тең курулуш иштери аяктап, жашылдандыруу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө бардык иш-чаралар 98 пайызга даяр. Ошол объекттерди кез-кез барып карап турам. Жолдор да оңдолуп жатат. Жолдордун жээгиндеги үйлөр дагы бир типке келтирилип жатат",- деди Касымалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















