Арслан Койчиев Үркүндүн 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышты
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Үркүн трагедиясында курман болгон мекендештердин элесине таазим кылынды.
Арслан Койчиев Үркүндү кыргыз элинин тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири жана улуттук эс тутумдун ажырагыс бөлүгү катары белгиледи. Анын айтымында, курман болгондорду эскерүү — өткөндөн өч алуу эмес, тарыхый чындыкты сактоо, ата-бабалар басып өткөн жолду терең түшүнүү жана келечек муундардын алдында жоопкерчиликти сезүү.
Мамлекеттик катчы 1916-жылдагы окуялар кыргыз элинин эркиндикке, ар-намыска жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө болгон умтулуусун бекемдегенин белгиледи.
Ошондой эле Үркүндүн тарыхын илимий негизде ар тараптуу изилдеп, анын сабактарын кийинки муундарга жеткирүү, мындай трагедиялардын кайталанышына жол бербөө, эгемендүүлүктү, улуттук биримдикти жана коомдогу тынчтыкты бекемдөө маанилүү экенин айтты.
Ал Үркүндө курман болгон мекендештердин элеси элдин жүрөгүндө, мамлекеттин эсинде жана абийиринде түбөлүк сакталышы керектигин баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















