super.kg logo

Акылбек Түмөнбаев Корумду айылындагы таза суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты

 

Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылына иш сапары менен барып, 2018-жылы башталган таза суу долбоорунун учурдагы абалы менен таанышты. Иш сапарга курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышты.

Маалыматка ылайык, Акылбек Түмөнбаев ичүүчү суу маселеси айыл тургундары үчүн эң негизги көйгөйлөрдүн бири экенин белгилеп, долбоорду тез арада бүткөрүү жана кошумча резервуар орнотуу зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, эл өкүлү Корумду айылындагы 275 орундуу мектептин курулушун сентябрь айына чейин баштоо керектигин белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: