super.kg logo

УКМК Ошто бажычылар кармалганын билдирди

 

Ош бажысында эки инспектор кармалды. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жаткандыгын бүгүн, 7-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка караганда, К.У. жана Т.А. аттуу инспекторлор айрым ишкерлер менен алдын ала сүйлөшүп, акча алуу үчүн товарларды тийиштүү текшерүүдөн өткөрбөй, бажы көзөмөлүнөн мыйзамсыз өтүшүнө жардам беришкен.

Мындан улам мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени айтылууда. Кармалган эки инспектор УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө уланып, мыйзамсыз схемага катыштыгы бар башка бажы кызматкерлери да аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: