Бир үй-бүлөдө бир нече майыптыгы бар адамдарды караган жеке ассистенттерге акы төлөнөт
Бир үй-бүлөдөгү бир нече майыптыгы бар адамдарды караган жеке ассистенттерге ар бир кызмат алуучу үчүн толук өлчөмдө акы төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Эмгек министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, ошондой эле 18 жаштан жогору, бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга тиешелүү.
Буга чейин жеке ассистенттер камсыздандыруу полисин өздөрү сатып алып, анын наркы айдын аягында кызмат акысы менен бирге компенсацияланып келген. 1-сентябрдан тартып жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөөгө керектүү каражаттар ай сайын аймактык бөлүмдөргө бөлүнүп берилет.
Мындан тышкары, жеке ассистенттин кызматы майыптыгы бар баланын же адамдын үй-бүлөсүнүн кирешесин эске албастан дайындалат. Учурда жеке ассистенттин кызмат акысы 8 697,32 сомду түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















