Парламенттин тармактык комитети башкы прокурорлукка талапкерди жактырды
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүн, 8-сентябрдагы жыйында башкы прокурордун кызмат ордуна Малик Бектургановду дайындоого макулдук берүү маселесин карады.
Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырган.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Бектургановду башкы прокурордун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин жактырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















