super.kg logo

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип эки кыз кармалды (видео)

 

Бишкекте Мамлекеттик бажы кызматынын катышуусунда синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу 8-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, июнь айында Бишкекте эки кыз кармалган. Алар Орусиянын Москва шаарынан бензиндин идишин тосуп алышкан. Анын ичинен 250 грамм "спайс" табылган.

Ошондой эле шектүүлөрдүн биринин үйүнөн баңгизатты таңгактоого арналган каражаттар, 3 грамм ак түстөгү порошок жана экстази болушу мүмкүн деген 215 таблетка табылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар интернет-дүкөн аркылуу психотроптук заттарды Бишкекте жашыруу ыкмасы менен таратып келишкен.

Ошол эле учурда Орусияда ири көлөмдөгү баңгизаттарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жөнөтүүгө шектелген адам кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, баңгизаттардын баасы 1,5 миллион сомдон ашмак. Бул кармоолор Кыргызстанда 1,7 миңден ашык бир жолку синтетикалык баңгизат дозасынын таралышына бөгөт койгондугу маалыматта кошумчаланды.






Бишкекте баңгизат сатканга шектүү эки кыз кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: