super.kg logo
  Саясат  

ЖРТны акысыз тапшыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталды 

 

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө сынагын акысыз өткөрүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 8-сентябрда коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген.

Документке ылайык, ЖРТдан акысыз өтүү укугу бир жолу жана буга чейин ЖРТдан өтпөгөн адамга гана берилет. Кайталап жана андан кийинки ар бир жолу тапшырууга акы төлөнөт. Бул норманы 2028-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунда ЖРТны электрондук формага этап-этабы менен өткөрүү да каралат.

Айта кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев ЖРТ сынагын бекер өткөрүүнү бир нече жолу сунуштаган. Учурда ЖРТнын баасы 470 сомду түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: