Түркияда кармалган кыргызстандык Эрмек Сабыржанов сот залынан бошотулду
Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановдун иши боюнча соттук отурум өтүп, ал сот залынан бошотулду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, кечээ, 9-сентябрда Измир шаарында өткөн соттук отурумдун жыйынтыгында Сабыржановго коюлган айыптар алынды.
Ошондой эле ага мекенине кайтууга уруксат берилди. Зарыл болгон процессуалдык жол-жоболор аяктагандан кийин анын Кыргызстанга кайтып келиши күтүлүүдө.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Сабыржановдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш алып барган. Тышкы иштер министрлиги бул маселени мындан ары да көзөмөлүндө кармай турганын билдирди.
Белгилей кетсек, 34 жаштагы Сабыржанов 26-майда Анкарадагы “Эсенбога” аэропортунан кармалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип бара жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:01
2026-09-14
16:51
2026-09-14
16:36
2026-09-14
14:49
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















