super.kg logo

LED лампалардын жарыгы адамдын уйкусуна кандай таасир берет?

 

Замандын LED жарыктары адамдардын уйкусуна жана циркаддык ритмине таасир этиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

Жаңы изилдөөлөр кечки убакта көк жарыкка көп кабылуу мелатониндин бөлүнүшүн кечеңдетип, уктоону кыйындатарын көрсөтүүдө. Ал эми уйкунун үзгүлтүккө учурашы тынчсыздануу жана депрессиялык белгилер менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Бул көрүнүш спутниктен тартылган түнкү сүрөттөрдөн да байкалган: айрым шаарларда мурдагы жылуу сары жарыктын ордун муздак ак LED жарыктарын көрүүгө болот.

Ошол эле учурда окумуштуулар LED жарыгы түздөн-түз депрессияга алып келет деп айтышпайт. Азырынча негизги тынчсыздануу - түнкү жарыктын жана көк спектрдин уйку режимине тийгизген таасири.

Адистер кечинде жылуу түстөгү күңүрт жарыкты колдонуп, уктаар алдында экрандардан жана өтө жарык чөйрөдөн алыс болууну сунушташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: