Улан Ниязбеков Астанадагы жыйынга катышты
Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.
Жыйын Казакстандын ички иштер министри, полициянын генерал-лейтенанты Ержан Саденовдун төрагалыгы алдында өттү. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын ички иштер органдарынын жетекчилери, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты.
Жыйында укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анын ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө жана дайынсыз жоголгон жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча кызматташууну күчөтүүгө көңүл бурулду.
Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга, мыйзамсыз букмекерликке жана кумар оюндарына каршы күрөшүү, экстремизм, терроризм жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.
Мындан тышкары, адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз алып кирүүгө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтык талкууланды. Тараптар мыйзамсыз миграция боюнча маалымат алмашууну күчөтүү жана ага байланыштуу кылмыштардын жайылышына шарт түзгөн факторлорду жоюу чараларын карашты.
Жыйындын маанилүү жыйынтыктарынын бири — Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо болду.
Жыйынтыгында ички иштер министрлеринин 4-жыйынын 2027-жылы Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Иш-чаранын соңунда тараптар коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы негизги макулдашууларды бекемдеген биргелешкен декларацияга кол коюшту.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















