Ысык-Көлдө Сары-Жаз дарыясына курулган жаңы көпүрөлөр пайдаланууга берилди (видео)
Бүгүн, 17-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Сары-Жаз дарыясына курулган "Зайнулин" жана "Ак-Үңкүр" көпүрөлөрү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көпүрөлөрдүн курулушу 2025-жылы министрлик тарабынан башталган. "Зайнулин" көпүрөсүнүн узундугу 76 метр болсо, "Ак-Үңкүр" көпүрөсү 143 метрди түзөт.
Көпүрөлөр 180 миң гектардан ашык жайытка жетүүнү жеңилдетип, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана аймактагы транспорттук каттамдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, Сары-Жаз дарыясына дагы 32 жана 12 метрлик эки көпүрө курулуп жатат. Аларды октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Ысык-Көлдө Сары-Жаз дарыясына курулган эки көпүрө пайдаланууга берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:12
2026-09-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















