Чүйдө милиция кызматкерлери манжасын кестирип алган жаранга жардам көрсөтүштү
Милиция кызматкерлери жаракат алган жаранга жардам көрсөтүшкөнүн Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалымдалгандай, кечээ, 16-сентябрда милициянын эки кызматкери Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы флагшток аймагында кызмат өтөп жаткан учурда бир жаран жардам сурап кайрылган. Жабырлануучу курулуш иштерин жүргүзүп жатып, этиятсыздыктан сол колунун сөөмөйүн темир кесүүчү шайманга алдырып алган.
Милиция кызматкерлери дароо алгачкы жардам көрсөтүп, жаранды Республикалык травматология бөлүмүнө жеткиришкен.
Чүйдө милиция кызматкерлери манжасын кестирип алган жаранга жардам көрсөтүштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:12
2026-09-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















