"Чындыкка дал келип жатпайбы". Депутат камалып чыккан министрге суроо салды
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков транспорт министри Талантбек Солтобаевге камалып чыкканы боюнча суроо салды.
Эл өкүлү кечээ, 16-сентябрдагы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Солтобаевдин Нарын шаарындагы Ленин көчөсү боюнча камакка алынганын эске салып, ал жол дагы деле бүтө электигин белгилеп, министрдин шектүү экенине ынанып жатканын айтты.
"Сизге былтыр ошол жолдун айынан шектүү деп иш козголгон эле. Ошондо сизди эмнеге шектешти эле?",- деди Самаков.
Министр ага жол убагында бүтпөгөнү үчүн иш козголгонун билдирди. Депутат: "Сиз ал кезде министрдин орун басары элеңиз, азыр министрсиз. Дагы деле ошол жол бүтө элек, ошондо шектүү делген айыптоо чындыкка дал келип калып жатпайбы",- деди.
Солтобаев ошол учурда кемчиликтер болгону үчүн кылмыш иши ачылганын, жыйынтыгында жол салып жаткан компания күнөөлүү деп табылганын айтты. Депутат эми ал жолдун качан бүтөрүнө кызыкты. Министр октябрь айында бүтөрүн билдирди.
Эске салсак, Талантбек Солтобаев былтыр сентябрь айында кармалган. Ошол учурда ал транспорт министринин биринчи орун басары кызматын аркалап турган. Ал Нарын шаарындагы Шералиев, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоодо мыйзамсыз иштерге барган деген негизде УКМК тарабынан камакка алынган.
Кийин февраль айында Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынган соң, Солтобаев министр болгон.
"Чындыкка дал келип жатпайбы". Депутат министрге кылмыш иши боюнча суроо салды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















