Садыр Жапаров Юта штатынын жетекчилиги менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кыргызстан жана Юта штатынын потенциалын эске алуу менен тоо-кен өнөр жайы, туризм, спорт, маалыматтык технологиялар, финансы жана инфраструктураны өнүктүрүү багыттарындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Садыр Жапаров маектештерине акыркы жылдарда Кыргызстанда жетишилген ийгиликтер жана өлкө боюнча ишке ашырылып жаткан ири масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берди. Ошол эле учурда Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташтыкка, ишкердик байланыштарды чыңдоого жана АКШдан келген инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президент ошондой эле АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чоң таасир калтырганын, ал эми команданын капитаны Лэд Хауэл жогорку спорттук чеберчилигин көрсөткөнүн айтты.
Өз кезегинде губернатор Спенсер Кокс Садыр Жапаровго Юта штатына келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Кыргыз делегациясын жылуу тосуп алган Сенаттын президенти Стюарт Адамс Юта экономикалык жактан эң өнүккөн штат болуп саналарына жана тоо-кен тармагында чоң потенциалга ээ экенине токтолду.
Президент тоо-кен, туризм, билим берүү жана финансы жаатында биргелешип иш алып баруу, ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда президент губернатор Спенсер Коксту өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырды. Ал чакырууну жылуу кабыл алды.

0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















