Президент Жапаров Юта штатынын Олимпиадалык паркына барды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда АКШдагы Юта штатынын Олимпиадалык паркына (Utah Olympic Park) барды.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы 2034-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитетинин төрагасы Фрейзер Баллок менен жолугушуп, штаттагы спорттук инфраструктуранын өнүгүшү, 2034-жылкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү пландары менен таанышты.
Жапаров ошондой эле Ютанын тажрыйбасы кышкы спорт түрлөрүн жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн практикалык жактан кызыктуу экенин айтты.
“Кыргызстан үчүн бул абдан баалуу тажрыйба. Биз заманбап спорттук инфраструктураны гана өнүктүрбөстөн, кышкы спорт түрлөрү менен мүмкүн болушунча көп балдар жана жаштар машыга турган шарттарды түзүшүбүз керек. Бул - улуттун саламаттыгы, спорттун, туризмдин өнүгүшү жана өлкөнү таанытуу менен бирге жүрөт”, - деп белгиледи президент.
Мамлекет башчысы Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, жаш спортчуларды даярдоо жана спорттук инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу тажрыйбасын кеңири изилдеп чыгууну, ошондой эле 2034-жылдагы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитети жана штаттын спорттук уюмдары менен кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоону тапшырды.
Садыр Жапаров 2034-жылы Солт-Лейк-Ситиде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына улуттук курама команданын кеңири курам менен катышуусуна шарттарды түзүү милдетин койду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















