Жалпы республикалык ишембиликке 168 миңдей адам катышты (видео)
Улуттук тазалык күнүнө карата өлкө боюнча өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке 168 миңден ашуун адам катышып, 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу 21-сентябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Ишембиликке ишкерлер, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, коомдук уюмдар, жаштар жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына кайдыгер карабаган жарандар активдүү катышты.
"Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери Аламүдүн районуна караштуу Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында тазалык иштерин жүргүзүп, аймакты таштандылардан тазалашты",- деп айтылат малыматта.
Иишембиликтин жыйынтыгында 3600 гектар жер аянты тазаланды.
Жалпы республикалык ишембиликке 168 миңден адам катышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















