"Тазалык" ишканасына атайын техникалар тапшырылды
Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу 23-сентябрда шаар мэриясынан билдиришти.
Тапшырылган техникалардын арасында:
- 11 даана МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа;
- 1 даана Шумкар таштанды ташуучу унаасы;
- 5 даана Хово унаасы;
- 1 даана Дамас унаасы;
- 4 даана Лабо үлгүсүндөгү унаа бар.
Мындан тышкары, 15-октябрга чейин Минск шаарынан дагы 3 даана атайын техника келиши күтүлүүдө. Жаңы техникаларды кошкондо, ишкананын карамагындагы атайын автотранспорттун жалпы саны 400дөн ашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:07
2026-09-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















