"Ташчайнар" каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеровдун кызы дайынсыз болууда (видео)
Коомчулукка Ташчайнар каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеровдун 2006-жылы туулган кызы Турсунай Табалдиева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу активист жана блогер Алтынбек Анарбеков кечээ, 22-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялаган.
Маалыматка караганда, Турсунай акыркы жолу 13-сентябрда саат 10:30 чамасында Бишкектеги Филармониянын аймагынан байланышка чыккан. Ошондон бери жакындары аны менен байланыша албай жатышкандыгы маалым болду.
Турсунайдын кайда экендиги тууралуу маалыматы барлардан төмөнкү номерлерге байланышуу суралат: 0700 01 49 35, 0705 35 75 35.
"Ташчайнар" каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеровдун кызы дайынсыз болууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















