Тувада туристтерге аюу кол салып, бир адам каза болду
Тувада аюу кол салган 60 жаштар чамасындагы москвалык турист бүгүн, 24-сентябрда ооруканада каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 22-сентябрда Чоң Енисей дарыясынын жээгинде болгон. 7 адамдан турган туристтер тобу тайгада чатыр тигип эс алып жаткан учурда аюу алардын бирине кол салган. Ал ооруканага жеткирилип, бирок алган жарааттарынан улам каза болгон.
Тува бийлиги туристтер жырткычтардын активдүүлүгүнө байланыштуу токойго барууга киргизилген тыюуну сактабаганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:01
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















