super.kg logo

Казакстанда машыгуу учурунда 9 аскер каза болду

 

Бүгүн, 24-сентябрда Казакстандын Маңгыстау облусунда Каспий деңизинин жээгиндеги аскердик машыгуу учурунда кырсык болуп, 9 аскер каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, аскерлер окуу-аскердик тапшырманы аткарып жаткан учурда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу шамал болгон. Натыйжада 19 аскерди деңиз толкуну агызып кеткен.

Алардын үчөө куткарылып, бир аскер ооруканага жеткирилген. Учурда дайынсыз жоголгон жети аскерди издөө иштери жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: