Трамп Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин көп нерсе күтөрүн айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусун жогору баалады жана келечекте эң сонун натыйжаларды берерине ишенет.
"Биз президент Си Цзиньпин менен АКШ үчүн да, Кытай үчүн да абдан жемиштүү жолугушуу өткөрдүк. Укмуштуудай нерселерди күтөбүз", - деп жазган ал жума күнү Truth Social сайтында.
Белгилей кетсек, Трамптын Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрүнүн негизги бөлүгү бейшемби күнү болду. Эки тарап тең азырынча алардын жыйынтыгы тууралуу толук маалымат жарыялай элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2026-09-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















