Кыргызстандыктар да Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керекпи? ТИМдин жообу
1-ноябрдан 2027-жылдын 30-июнуна чейин электрондук уруксаты жок болсо да, кыргызстандыктар Казакстанга кире алышат. Бул убакытта жаңы талап боюнча эскертүү гана берилерин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, коңшу өлкө чет мамлекеттин жарандары үчүн электрондук уруксат алуу тартибин киргизди. Ал этап-этабы менен ишке киргизиле баштады.
ТИМдин маалыматына караганда, 2027-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстанга барууда электрондук уруксат алуу милдеттүү болот.
"Уруксат акысыз берилет. Аны QazETA платформасы аркылуу сапарга чыгуудан кеминде 72 саат мурда алуу керек. Уруксат 180 күнгө чейин жарамдуу болот. Документте 29 категориядагы адамдарды бошотуу каралган. Анын ичинде 16 жашка толо элек, 65 жашка толгон жана андан жогорку курактагы адамдар, Казакстанда убактылуу жашоого уруксаты же жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар, каза болгон адамдардын сөөгүн жерге берүү үчүн коштоп жүргөн адамдар жана башкалар", - деп билдирди ТИМ.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















