Унаасынын айнегин караңгылатууну каалагандар үчүн акция жарыяланды (видео)
Кыргызстанда унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты арзандатылган баада алуу боюнча акция жарыяланды. Бул тууралуу кечээ, 5-ноябрда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Акциянын алкагында уруксат кагазынын баасы төмөнкүдөй болот:
- Жеке жактар (резиденттер) үчүн — 25 миң сом;
- Юридикалык жактар үчүн — 50 миң сом;
- Резидент эмес жарандар үчүн — 70 миң сом;
- Электромобилдер үчүн — 20 миң сом;
- Юридикалык жактардын электромобилдери үчүн — 40 миң сом;
- Чет өлкөлүк жарандардын электромобилдери үчүн — 60 миң сом.
Акция 5-ноябрдан 5-декабрга чейин жүргүзүлөт.
Унаасын караңгылатууну каалагандар үчүн акция жарыяланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:37
2026-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















