Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казган эки жаран айыпка жыгылды
Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондорунда мыйзамсыз кум-шагыл казып алуу фактылары аныкталып, эки жаранга айып пул салынды.
Жаратылыш министрлигинен билдиришкендей, жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелеринин сакталышын текшерүү максатында өткөрүлгөн рейдде Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын өндүрүш аймагынын төмөн жагында оор техникалар менен мыйзамсыз кум-шагыл казылып жатканы аныкталды. Бул факт боюнча күнөөлүү тарапка 13 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле Ноокен районунун Арал айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынан уруксат берүүчү документтери жок кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы катталган. Бул мыйзам бузуу боюнча да протокол түзүлүп, 13 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, жарандарга жаратылыш ресурстарын пайдалануунун мыйзамдуу тартиби жана тиешелүү уруксат документтерин алуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















