Манас мэриясындагы өбүшкөндөр тууралуу маалымат берилди (видео)
Манас шаардык мэриясынын имаратынын бөлмөсүндө эки адамдын кучакташып, өбүшүп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу 6-ноябрда Манас шаарынын мэриясы түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, видеодогу адамдар шаардык мэриянын, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын же башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери эмес.
Алар веб-сайттын программаларын иштеп чыгуу үчүн имараттан убактылуу иш бөлмөсүн алган IT адистери экени белгиленди.
Муниципалитет административдик имараттарда коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертти.
Ошондой эле окуяга укуктук баа берилгенден кийин кошумча маалымат берилери маалымдалды.
Манастагы имаратта өбүшкөндөр IT адистери экени белгилүү болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















