18 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундук сатууга тыюу салуу сунушталууда
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов 18 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты. Документ парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.
Долбоордо мындай тыюу чекене сатууда, коомдук жайларда, тамактануучу жерлерде, интернет аркылуу сатууда жана жеткирүү кызматтарында колдонулары жазылат. Сергитүүчү суусундуктарды сатууда алуучудан документ суралышы керек. Жеткирүү кызматына да жашы жете электер алынбашы керек. Ошондой эле документте энергетикалык суусундуктардын соода автоматтары аркылуу сатылышына тыюу салуу каралган. Мындай сатууда алуучунун жаш курагы текшерилбей калары мисал кылынат.
Мыйзам долбоорунда 18ге толо электерге сергитүүчү суусундуктарды саткан жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып пул салуу чарасы көрсөтүлөт. Эгер мындай учур кайталанса, анда күнөөлүү тарап 20 миң жана 55 миң сом айыпка жыгылмакчы. Ошондой эле соода автоматтары менен сатуулар аныкталса, 10 миң жана 35 миң сом айып пул салынмакчы.
Эске салсак, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирине байланыштуу аларга тыюу салуу маселесин карап чыгууну тапшырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















