super.kg logo

Үйүңүздүн бир бөлмөсү жылып, экинчиси муздакпы? Мунун себеби түшүндүрүлдү

 

Бишкектеги 104, 105 жана 106-сериядагы бир түтүктүү жылытуу системи орнотулган үйлөрдө бир бөлмөдөгү радиатор ысык болуп, экинчисиндеги радиатор жетиштүү жылытпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай көрүнүш жылытуу системине аба топтолгондо, крандар жабылганда, түтүктөр бүтөлгөндө же туташтыруу схемасы бузулганда пайда болот.

Ишкана турак жайларда бөлмөнүн абасынын температурасы +18 градустан төмөн болбошу керектигин эскертти. Эгер үй суук болсо, тургундар жылытуу системин текшерүү үчүн тейлөөчү уюмга кайрылышы зарыл.

Жылытуу боюнча суроолор болсо, шаар тургундары 1980, 0312 61-11-69 жана 0557 61-11-66 телефондору аркылуу байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: