Аламүдүн районунда 9 айда өнөр жай өндүрүшү 16,2 миллиард сомго жетти
Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 миллиард 250 миллион сомду түздү. Ал эми негизги капиталга инвестициялар өткөн жылга салыштырмалуу 63,8 пайызга көбөйүп, 3 миллиард 298,8 миллион сомго жетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтөр президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 6-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аламүдүн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча берилген маалыматта айтылды.
Райондогу ири инвестициялык долбоорлордун катарында төмөнкүлөр белгиленди:
- Инвестициянын көлөмү 20 миллион АКШ долларын түзүп, 2 миң жумуш орду түзүлгөн “Силк Вэй” соода борбору,;
- Инвестициянын көлөмү 4,2 миллиард АКШ долларын түзгөн “Манас” шаарчасы;
- Инвестициянын көлөмү 18 миллион АКШ долларын түзүп, 500 жумуш орду түзүлгөн “Чанхун” металлургиялык заводу;
- Инвестициянын көлөмү 35 миллион АКШ долларын түзүп, 250 жумуш орду түзүлгөн “Глобал Хаб” логистикалык борбору.
Ошондой эле 2024-2026-жылдары райондо 41 социалдык объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Алардын ичинде 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорттук объект жана 6 медициналык мекеме бар.
Мындан тышкары, райондун жолдорун оңдоо, маданият үйлөрүн куруу, канализациялык тармактарды жаңылоо жана көпүрөлөрдү салуу сыяктуу иштерге болжол менен 2 миллиард сом талап кылынары белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















