Ошто облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында Ош облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана мекеме кызматкерлери катышты.
Маалыматка ылайык, мурдагы имарат 1971-жылы курулуп, 2023-жылы адистердин корутундусунун негизинде пайдаланууга жараксыз деп табылган.
Жаңы имараттын курулушу 2024-жылдын 19-мартында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында башталган. Анын жалпы аянты 5348 чарчы метрди түзөт.
Имаратта облустук юстиция башкармалыгы, Пробация департаменти, мамлекеттик жана социалдык нотариалдык кеңселер, юридикалык жардам көрсөтүү кызматы жана архивдер жайгашат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















