Актёр Болсун Расулбеков үйлөндү (видео)
Актёр, сценарист, режиссёр жана тамада Болсун Расулбеков үйлөндү. Ал социалдык тармактагы баракчасына кыз узатуу тоюнан видео жарыялап, жубайына арналган билдирүүсүн жазды.
"Бүгүнтөн баштап менин бактым - биздин бактыбыз. Жаңы жашоо, жаңы жоопкерчилик. Эми сен экөөбүз - бир тагдыр, бир үй-бүлө",- деп жазган ал.
Ошондой эле Расулбеков куттуктап, каалоо-тилектерин билдирген бардык адамдарга ыраазычылыгын билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Болсун Расулбеков көрүүчүлөргө "Кош дегим келбейт", "Жетишет" тасмаларындагы, "Келинка" жана "Чоочун киши" сериалдарындагы ролдору аркылуу таанылган. Мындан тышкары, ал "Кечир" тасмасынын режиссёру катары да белгилүү.
Актёр Болсун Расулбеков үйлөндү (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:33
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















