Стамбулда өткөн бокс беттеши массалык мушташ менен коштолду (видео)
Стамбулда 7-ноябрда орусиялык мушкер Мурад Алиев менен түркиялык Үмүт Чамкурандын профессионалдык бокс беттешинен кийин баш аламандык орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алардын WBC Silver куру үчүн болгон беттеши 12 раунд болуп, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Мурад Алиев жеңүүчү аталды.
Бул беттеш Үмүт Чамкурандын карьерасындагы алгычкы жеңилүүсү экени маалым болду. Жыйынтык жарыялангандан кийин эки мушкердин күйөрмандарынын арасында массалык мушташ орун алды. Анын кесепетинен сыйлык тапшыруу аземи кийим алмаштыруучу жайда өттү.
Белгилей кетсек, беттеш Стамбулдун "Улкер" аренасында өткөн. Баш аламандыктын айынан канча адам жабыркаганы жана кармалгандыгы тууралуу так маалымат жок.
Алиев менен Чамкурандын беттешинен кийинки башаламандык (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















