Актёр Болсун Расулбековдун үйлөнүү тою өттү (видео)
Актёр, режиссёр жана сценарист Болсун Расулбеков кечээ, 11-ноябрда Бишкек шаарында үйлөнүү тоюн өткөрдү. Тойдон тартылган видео, сүрөттөр соцтармактарга жарыяланды.
Тойго анын жакындары, достору жана чыгармачылык чөйрөдөгү кесиптештери катышкан.
"Ар бир адамдын жашоосунда унутулгус күндөр болот экен. Биз үчүн ошол күндөрдүн бири — үйлөнүү тоюбуз болду. Сиздердин келгениңиздер — биз үчүн чоң сыймык. Айткан ак тилектериңиздер өмүр бою эсибизде кала турган белек. Баарыңыздарга ыраазыбыз",- деп жазды ал Instagram баракчасынын тарыхчасына.
Белгилей кетсек, Болсун Расулбеков көрүүчүлөргө "Кош дегим келбейт", "Жетишет" тасмаларындагы, "Келинка" жана "Чоочун киши" сериалдарындагы ролдору аркылуу таанылган. Мындан тышкары, ал "Кечир" тасмасынын режиссёру катары да белгилүү.
Актёр Болсун Расулбековдун үйлөнүү тою өттү (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















