super.kg logo
  Саясат  

Ак-Суудагы жер жана имарат чуусу: Президенттин жолугушуусунда Украинадагы элчинин аты аталды (видео)

 

Кечээ, 8-ноябрда президенттин Чүй облусунун Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда мурдагы депутат, "Түндүк электр" ишканасынын экс-жетекчиси Искендер Кадыркуловго байланыштуу маалыматтар айтылды.

"Кадыркулов мурдагы колхоздун имаратын 220 миң сомго сатып алып, кийин аны кайра жергиликтүү бийликке 8,5 миллион сомго сатып жатат. Ошондой эле имарат менен кошо 3,5 миң гектар жер тилкесин да мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп алган. Анысы аз келгенсип, мени 2 миллион сомго моралдык зыянды компенсациялоого сотко берип жатат. Бул иштер анын иниси Идирис Кадыркулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеп турган мезгилде болгон. Идирис Кадыркулов учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп кызматта отурат. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам",- деди Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси.

"Прокуратура, бул ишти азыртан колго алгыла. Айыл өкмөттүн мүлкүн кайтарып бергиле! Кадыркуловдорго байланыштуу жагдайды жеке көзөмөлүмө алам",- деп кошумчалады Садыр Жапаров.






Ак-суу айыл өкмөтүнүн кайрылуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: