"Муниципалитет, эски үйдү эмне кыласыңар?" Садыр Жапаров студенттин үй маселесин чечип берди (видео)
Кечээ, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылынын тургуну, студент Акылай Карыкеева үй-бүлөсүнүн турак жай маселесин айтып кайрылды.
Анын айтымында, үй-бүлөсү жашап келген үй 2004-жылы каттоодон өтпөй калгандыктан, муниципалдык менчикке өтүп кеткен. Бул жагдайдан алар кабарсыз болушкан. Студент ата-энеси II топтогу майып экенин айтып, маселени чечүүгө жардам сурады.
Буга жооп кылган Садыр Жапаров жергиликтүү бийликке үйдү кайра мыйзамдаштырып берүүнү тапшырды.
"Муниципалитет, эски үйдү эмне кыласыңар? Ошол жерден байып кетесиңерби? Мыйзамдаштырып берип койгула кайра",- деди президент.
"Эски үйдү муниципалитет эмне кыласыңар?": Садыр Жапаров студент кыздын турак жай маселесин чечүүнү тапшырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















