super.kg logo

Кыргызстанда калктын жугуштуу ооруларга каршы иммунитети текшерилет

 

Кыргызстанда калктын бир катар жугуштуу ооруларга каршы иммунитетинин деңгээлин аныктоого багытталган сероэпидемиологиялык изилдөөнүн жаңы этабы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

"Изилдөө 2026-2028-жылдары Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен өнөктөштүктө жүргүзүлөт. Долбоордун мурунку этабы 2023-2025-жылдары беш өлкөдө ишке ашып, Кыргызстан тараптан 6617 ыктыярчы катышкан. Алардын канынан кызамык, кызылча, эпидемиялык паротит, COVID-19 жана вирустук гепатиттерге каршы антителолордун деңгээли аныкталган. Натыйжада калктын айрым топторунда иммунитеттин жетишсиздиги жана эмдөө иштерин жакшыртуу зарылдыгы белгиленген. Изилдөөнүн жаңы этабында кызамык, көк жөтөл, дифтерия, селейме жана суу чечек сыяктуу эмдөө аркылуу алдын алууга мүмкүн болгон ооруларга каршы иммунитеттин абалы жана анын өзгөрүү динамикасы бааланат. Ошондой эле Кыргызстан үчүн маанилүү болгон зооноздук жана табигый очоктуу инфекциялардын таралышы изилденет",- деп кошумчалады мекеме.

Долбоордун жыйынтыктары эпидемиологиялык кырдаалды болжолдоого, эмдөө саясатын жакшыртууга жана жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын натыйжалуу пландаштырууга негиз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: