Пайдубалы курула элек батирлерин жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды (видео)
Бишкек шаарындагы Садыгалиев көчөсү, 3 жана 3/2 даректеринде салынып жаткан турак жай комплексинин курулушу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти жүргүзгөн текшерүүдө аталган объект 2026-жылдын август айында Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталганы аныкталды. Объект 16-23 кабаттуу 2, 3, 5 жана 6 блоктон турган турак жай комплекси.
Белгилей кетсек, буга чейин Курулуш министрлиги курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, ошондой эле объекттерди жарнамалоого тыюу салынары тууралуу курулуш компанияларга эскертүү берип, тиешелүү билдирүүлөр жөнөтүлгөн.
Бирок эскертүүлөргө карабастан, объект боюнча жарнамалык иштер улантылып жатканы аныкталды.
Анын негизинде курулуш иштерине жооптуу “СК Нобель” ишканасынын уруксат берүүчү документтери жокко чыгарылып, лицензиясынан ажыратылды. Ошондой эле объекттеги курулуш иштери толугу менен токтотулду.
Котловандан батирлерди жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды
Котловандан батирлерди жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















