Ысык-Көлдө синтетикалык тор менен балык уулагандар кармалышты (видео)
Ысык-Көл облусунда синтетикалык тор менен мыйзамсыз балык уулаган үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 7-ноябрда саат 21:00 чамасында Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынын аймагында балык уулап жүргөн жеринен кармалышты. Окуя болгон жерди кароо учурунда жалпысынан 231 даана балык табылып, жаратылышка келтирилген зыяндын суммасы 472 миң 680 сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыктарды уулоо, жана суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Ысык-Көлдө синтетикалык тор менен балык уулагандар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















