Өлкөдө ар бир кыйылган дарактын ордуна 5 көчөт отургузуу сунушталды
Өлкөдө ар бир кыйылган дарактын ордуна беш көчөт отургузуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Жыйында "Жашыл бак-дарактарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи депутаттар Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев.
Мыйзам долбоорунда парктардын жана сейил бактардын аянтын кыскартууга тыюу салуу, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга жоопкерчиликти күчөтүү каралган. Ошондой эле ар бир кыйылган дарактын ордуна беш көчөт отургузуп, аларды үч жыл бою багуу, бак-дарактарды санариптик эсепке алуу жана ачык электрондук реестр түзүү сунушталууда.
Талкуу учурунда депутаттар көчөттөрдү жергиликтүү климаттык шарттарга ылайык тандоо жана алардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















