Соцтармактарда инфекциялык оорукананын санитардык абалы талкууга түштү (видео)
Үч баласы менен инфекциялык ооруканада жаткан аял медициналык мекеменин санитардык абалына нааразы болуп, социалдык тармакка билдирүү жарыялады.
Анын айтымында, алар палатага эмес, оорукананын коридоруна жайгаштырылган. Ошондой эле 15-бөлүмдөгү даараткана жана жуунучу жайдын абалы начар экенин, бөлмөлөрдө таракандар жүргөнүн билдирген.
"Биз кымбат шарттарды сурабайбыз. Тазалыкты, талапка жооп берген дааратканаларды, палаталарды жана балдарыбыз үчүн элементардык коопсуздукту гана каалайбыз. Адамдардын ден соолугу мамлекеттик милдеттердин артыкчылыктуу багыты болушу керек",- деп жазган ал.
Инфекциялык оорукананын санитардык абалы талкууга түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:33
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















