Бишкекте №36 автобус каттамы эки өз алдынча каттамга бөлүндү
Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу максатында №36 автобус каттамы оптималдаштырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, 12-ноябрдан тартып мурда жарым айланма схема боюнча каттап келген №36 автобус каттамы эки өз алдынча багытка бөлүнөт: №36 жана №39.
"Бул өзгөртүү шаардык каттамдар тармагын өнүктүрүүгө, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга жана коомдук транспорттун туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган. Шаардык автобус каттамдарын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да улантылат", - деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:33
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















