super.kg logo

Президентке суроосун бере албай калган аялдын ыйлаган видеосу тарады 

 

Президент Садыр Жапаровдун Чүй облусунун тургундары менен жолугушуусунда көйгөйүн айта албай калган 9 баланын энеси видеокайрылуу жасады. Видео социалдык тармактарга тарады.

Аялдын айтымында, ал президентке өз көйгөйүн айтууну көздөгөн. Бирок айыл өкмөтү жана социалдык коргоо кызматкерлеринин аракетинен улам суроосун жеткире албай калганын билдирген.

"Урматтуу президент, сизге менин суроом жетпей калды. Сураныч, мени өзүңүз кабыл алып коюңузчу. Мен социалдык коргоо кызматына да, айыл өкмөткө да ишенбей калдым. Мен 9 баланын энесимин. Сураныч, жардам бериңизчи. Кыйналып кеттим", — деп кайрылуу жасап, көзүнө жаш алды.

Эскертүү: видеодогу аялдын аты-жөнү жана кайрылуусунун так кайсы жолугушуудан кийин жасалганы азырынча белгисиз.






Президентке суроосун бере албай калган аялдын ыйлаган видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: