Милицияны коркутуп...Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөсү кармалды (видео)
8-ноябрда Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөсү милиция кызматкерлерин коркутканы үчүн кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын биринде мушташ чыгып, ага 1989-жылы туулган Н.А. аттуу жаран катышкан. Окуядан кийин ал BMW үлгүсүндөгү унаасы менен кеткен. Кийин милиция кызматкерлери мамлекеттик номурлары жок унааны токтоткондо, анын ээси кызматкерлерди коркуткан. Тинтүү учурунда унаадан тапанча, баңгизат жана атууга жарактуу төрт ок табылган.
"Учурда аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган жаран Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген",- деп айтылды маалыматта.
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөсү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















