Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алынды
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ленин райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, буга чейин үй камагында болгон Таалайбек Жакыповду 21-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.
Эске сала кетсек, Таалайбек Жакыпов октябрь айында алдамчылыкка шектелип кармалган. Анда сот аны 20-декабрга чейин үй камагына чыгарган. Үй камагына чыгаруу чечимине жабырлануучунун каршы арызы да негиз болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:24
2026-11-13
15:38
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















