super.kg logo

Ысык-Көлдө төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуу аныкталды

 

Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында төрт курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгун, 16-ноябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана обьектилерде белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында, курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлдү.

"Текшерүү Сары-Ой, Чок-Тал жана Бостери айылдарындагы "Терма", "Маракеш Резиденс", "Даймонд Резорт" жана "Имарат Резорт" объектилеринде жүргүзүлдү. Жыйынтыгында төрт компанияга жалпы 1 миллион сом айып пул салынды. Ал эми, "Даймонд Резорт" жана "Маракеш Резиденс" эс алуу борборлорундагы курулуш иштери токтотулду. Ошондой эле аталган компаниялардын курулуш лицензиялары жокко чыгарылды", - деп маалымдады мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: