super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча министрликтин ишин сынга алды (видео)

 

Бишкек шаарында 1-июнга карата 22 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Курулуш министрлигинин Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы боюнча 2026-жылдын июнь айында даярдаган маалыматына таянып айтты.

Депутат көп кабаттуу үйлөрдүн уруксатсыз курулушу кантип мүмкүн болгонун сурап, бул үчүн ошол учурда иштеген тиешелүү жетекчилер жооп бериши керектигин билдирди.

Буга Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов: "Аталган 31 объекттин баштапкы документтери бар. Бирок алардын айрымдары тиешелүү реестрге киргизилбегендиктен улам алар мыйзамсыз курулуштардын катарына киргизилген. Акыркы бир жылда министрлик 52 объекттин документтерин бүтүрүп берди", - деп жооп узатты.

" Сиздер берген маалыматка ылайык, 2024-жылдын башына карата 38 объект, 2025-жылы 31, 2026-жылдын 1-июнуна карата 22 объект курулган. Мунун чеги болуш керек. Көптөгөн жарандар үй курам деп министрликтен уруксат ала албай жүрөт. Уруксат албагандар курулуш ишин бүтүргөн соң документтерин бүтүрүп жатышат" - деп министрликтин ишин сынга алды.






Депутат Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча министрликтин ишин сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: